• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 4-апрелде жабык болот.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий