• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги №59 мектептин кошумча имаратынын курулушу аяктоо алдында турат

Коом 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Караев атындагы №59 орто мектептин кошумча имаратынын курулушу аяктоо алдында турат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептин эки кабаттан турган кошумча имаратынын аянты 1 миң 72 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Имарат орто жана жогорку класстын 150 окуучусуна ылайыкталып, 11 предметтик кабинет жайгашат.

Курулуштун жалпы наркы 34 млн сомду түздү. Жаңы имараттан тышкары, №59 мектепте жаңы газ менен иштеген откана курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий