• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэр Суракматов Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиевге ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардын коменданты Алмаз Орозалиевге ыраазычылык билдирди.

Мэр өз сөзүндө Бишкек шаарында өзгөчө абал режими үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан тарта 10-майга чейин күчүндө болгондугун эске салды.

"Биринчи кезекте шаар тургундарынын жана Бишкек мэриясынын атынан өзгөчө абал режими мезгилинде жасаган иши үчүн комендант Алмаз Орозалиевге ыраазычылык билдирем. Президент билдиргендей, комендатура өзгөчө абал режими мезгилинде алдына коюлган талаптарды жана иштерди аткара алды", - деди ал.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилди.

Андан тышкары, бүгүндөн тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий