• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке кирүү жана чыгуу жерлерде 16 санитардык-карантиндик пост уюштурулат – мэр

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бишкекке кириш жана чыгыш жерлерде 16 санитардык-карантиндик пост уюштурулат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Бишкке шаарында 11-майдан тарта карантин киргизилгенин айтып өттү.

Анын айтымында Бишкектин кире-чыга бериштеринде 16 санитардык-карантиндик пост уюштурулат.

"Постто иштеген кызматкерлер шаарга келе жаткан жарандардын дене табын ченөөгө укугу бар жана КРВИ же коронавируска күмөн болгон учурда медицина кызматкерлери обсервацияга жөнөтө алат же экспресс-тест ала алат. Бишкектин ичиндеги санитардык жана блокпосттор алынды. Шаардын периметри боюнча коюлган жана коюлуп жаткан санитардык посттор шаар четине чыгарылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий