• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында 21-декабрдан 8-январга чейин автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Борбордук аянтта шаар тургундарынын жана шаарга келген коноктордун коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында борбордук аянттын массалык эл чогулган жерлеринин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Алсак, 2020-жылдын 21-декабрынан тартып 2021-жылдын 8-январына чейин борбордук Чүй көчөсүнөн Эркиндик бульварынан баштап Панфилов көчөсүнө чейин саат 20:00дөн 01:00гө чейин автоунаалардын жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери "Унаалардын карама-каршы багытта кыймылына тыюу салуу үчүн жолдун бөлүктөрүндө же бир тараптуу өтмөктөрдө кирүүгө тыюу салынган" жол белгилерин орнотушту. Бул чектөө белгилери, жол тыгындарын болтурбоого жана анын алдын алууга өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий