• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Прокуратура органдары тарабынан саламаттык сактоо мекемелериндеги 693 бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Прокуратура органдары COVID-19 инфекциясынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу саламаттыкты сактоо мекемелеринде 693 мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында КР башкы прокурорунун орун басары Абай Молдокматов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, прокуратура органдарынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгү негизинен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн алкагында тиешелүү органдар тарабынан мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон коррупциялык укук бузууларды аныктоого багытталган.

Молдокматов маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдагы текшерүүлөрдүн көпчүлүгү саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 693 бузуу аныкталып, 369 акт түзүлүп, 314 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттик бюджетке 8 331 383 сом кайтарылган.

Ал эми Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий