• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы шаардыктарды троллейбустарга таштанды таштабоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардыктарды троллейбустарга таштанды таштабоого чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустардын ичи тазалоочу топ тарабынан күн сайын жуулат. Салондордун отургучтары, терезелери, шыптары, полдору жууп-тазаланат.

"Ошол эле учурда троллейбустарда салондорго таштанды таштаган жүргүнчүлөр да бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында күнүнө 130 троллейбус жарандарды ташыйт.

Пикир

Оставить комментарий