• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россияга болгон иш сапарынын алкагында Россиянын "Үрөндөр" ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн, рапс, күн карама жана сафлорду жеткирүү жана КМШ өлкөлөрүндөгү селекция, үрөн өстүрүү, питомниктерди өстүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында "Үрөндөр" ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте селекция, үрөн өстүрүү жана питомник чарбасын өнүктүрүү жаатында даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле бул багытты өнүктүрүүнү так жана кеңири талкуулоо үчүн Россиянын алдыңкы үрөнчүлүк чарбаларынын башчылары, селекционерлери менен биргеликте Бишкекке келүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий