• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда 18нен 24-февралга чейинки аралыкта 19 миң 45 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- документи жок унаа башкаруу - 315;
- мас абалында унаа башкаруу - 495;
- автоунаанын терезесин караңгылатуу - 60;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу - 478;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу - 6 миң 146;
- автоээнбаштык - 8;
- унааны ылдамдыктан ашырып айдоо - 2 миң 604;
- башка эреже бузуулар - 8 миң 939. Айып короосуна 1 миң 415 автоунаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий