• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте тез жардам унаасынын терезесин талкалаган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бишкекте тез жардам унаасынын терезесин талкалаганга шектелип мас абалындагы адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 18:15тер чамасында “102” кызматына Орозбеков көчөсүндө мас адам коомдук тартипти бузуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда 57 жаштагы М.Э. аттуу жаран болжол менен жашы 25-30 жаштагы мас абалындагы адам коомдук тартипти бузуп, тез жардам унаасынын терезесин талкагандыгын айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 28 жаштагы А.Э. аттуу жаранды кармашып, тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий