• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. “«Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-майында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош областында коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөсү, 1971-жылы туулган М.И. кармалды.

Такталган маалыматтар боюнча, ал «Хизбут-Тахрир» ДЭУ эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор-Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгон.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылып алынды.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-б, 2-п (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта кармалган адамды мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий