• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдо «Кыргызтелекомго» таандык кабелдерди уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Каракол шаарында «Кыргызтелеком» ААКна таандык кабелдерди уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 9-февраль күнү Каракол ШИИБне «Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл облустук филиалынан жолдомо түшүп, анда шаардын аймагында байланыш кабелдер уурдалып жаткандыгы маалымдалган. Алардын маалыматы боюнча, 3-февралда белгисиз адамдар узундугу 7,5 метрди түзгөн ТПП 20х2 үлгүсүндөгү кабелди Аманбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен кесип уурдап кеткендиги билдирилген. Материалдык зыян 5 миң ашык сомду түзгөн.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, 16 жаштагы жергиликтүү тургун Л.Н. болуп чыкты жана анын үйүнөн далил зат катары темир секатор, күйүп калган түрдөгү жез зымдар жана кабелдер алынды.

Шектүү жаранды сурак жүргүзгөндө, баш аягы 14 уурулук фактысын жасагандыгы боюнча өз күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, уурдалган кабелдерден жез зымдарын алып, аны түстүү металдарды кабыл алуу жайларына өткөрүп, түшкөн акчаны өз керегине жумшап жүргөн.

«Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл облустук филиалынын эсеби боюнча, 14 уурулуктун фактысынын кесепетинен мекемеге 100 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий