• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эскирген нандар үчүн атайын урналар коюлуп жатат

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкекте эскирген нандар үчүн атайын урналар коюлуп жатат, - деп билдирет мунициналитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор шаар тургундарына таштандыларды ылгоо ыкмасын жайылтууга салым кошууну чечкен жаш активисттер тарабынан демилгеленген.

"Бул ыкма таштанды челегинин жанынан чыкпаган кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтууга жардам берет. Активисттер эскирген нандарды өздөрү алып кетүүнү колго алышты. Аны менен бирге алар "Тазалыктын" кызматкерлеринин ишин кыйла жеңилдетишти", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, жыл ичинде 1 миң 500 урнаны орнотуу планда бар.

Пикир

Оставить комментарий