• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Өмүралиев түрк балет искусствосунун өнүгүшүнө салым кошкон Айсулуу Токомбаева менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, балерина Айсулуу Токомбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда маданият тармагында тажрыйба алмашуу боюнча эки тараптуу келишимдин негизинде Түркияда 25 жылдан ашык эмгектенип, түрк балет искусствосунун өнүгүшүнө зор салымын кошуп келе жаткан Айсулуу Токомбаева Кыргызстан тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, өз мекенинен алыста иштөө тууралуу айтып берди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, пианист Гүлмира Токомбаева жана КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Канат Мамбеталиев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий