• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Алматыдагы башаламандык. Кыргыз жарандарынын кыйноого кабылганын казак тарап моюнга алды — Рысбеков

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков Кыргызстандын Акыйкатчы аппараты менен биргеликте Казакстанга болгон сапарынын жыйынтыгы тууралуу сөз кылды.

Рысбековдин айтымында, Казакстан Кыргызстан сыяктуу эле БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясын ратификация кылган.

“Казак тараптан ушул эл аралык милдеттенме бузулган. Мындан сырткары, коңшу өлкөдө Стамбул протоколу ишке кире элек экен. Ал эми Кыргызстанда ал протокол ишке кирген жана биздин юрисдикцияда таанылат. Биздин кыйноого кабылган жарандарды Стамбул протоколунан өткөрүп, эгер талап кылынса ал документтин түп нускасын Казакстандын тергөө органдарына жөнөтүүгө даяр экендигибизди билдирдик. Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандары кыйноого кабылганы тууралуу фатыларды келтиргенде Казакстан кескин түрдө жок деп айта алышкан жок, кандайдыр бир деңгээлде моюнга алды”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Алматы шаарындагы башаламандыкта кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду.

Пикир

Оставить комментарий