• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш үстүбүздөгү жылы 53 социалдык багыттагы объектти бүткөрдү

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын башынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 53 объекттин курулушу жана капиталдык ондоп-түзөөсү бүткөрүлдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинен 19 мектеп жана мектептин спорттук залдары, 4 бала бакча, 14 саламаттык сактоо объектиси, 4 спорткомплекс жана спорттук зал, 1 маданият тармагындагы объект, 9 ичүүчү суу менен камсыздоо объектиси жана 2 башка объект.

Аймактар боюнча Баткен облусунда - 7 объект, Жалал-Абад облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 7, Чуй облусунда – 4 жана Бишкек шаарында – 2 объект бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бул социалдык объекттер республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий