• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" эл аралык аэропорту тогуз айда 4 млн ашык жүргүнчүнү тейледи

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААК 2023-жылдын 9 айында 4 млн 181 миң 490 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 млн 991 миң 414ү эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү болсо, ал эми ички каттамдар менен 1 млн 190 миң 76 адам учкан.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 50%га өскөн.

Белгиленгендей, 9 ай аралыгында "Манас" эл аралык аэропортунда 32 миң 190 каттам аткарылган. Анын ичинен 22 миң 515и эл аралык, ал эми 9 миң 675и ички каттам.

Пикир

Оставить комментарий