• 88.68
  • 95
  • 0.95

Газ митинги: Алматыда Рузахунов, Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду

Коом 0


Бишкек, 14.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Алматы шаарындагы башаламандыкта кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

Анын айтымында, Акыйкатчы аппараты Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен биргеликте жумушчу топ түзүп, Казакстанда кыйноого кабылган кыргызстандыктардан кабар алды.

“Биздин эки максатыбыз бар болчу: январь окуяларында кармалган мекендештерибиз менен эмгек мигранттарынын укуктарынын корголушу тууралуу кабардар болуп келүү. Ал үчүн 8-февралда Казакстанга сапар алганбыз. Алматыда прокурордун орун басары, кыйноолорду алдын алуу институту жана 5-6 башкармалыктын жетекчилери менен жыйын өткөрдүк. Эгер Кыргызстандын жарандарынын укуктары бузула турган болсо түз кайрылып туруу боюнча келиштик”, - дейт ал.

Азарбеков жыйында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыковдун маселеси көтөрүлгөнүн айтты.

“Январь окуялары боюнча иш уланып жатыптыр. Ал эми Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Иш адилеттүү, акыйкат каралат деген кепилдик беришти. Ошондой эле кыйноолор менен иш алып барган органы бар экен. Алар эртеси эле бизге кайрылып, Сыдыковдун абалын сурап, сурак протоколун жүргүзөлө дешти”, - деп айтат ал.

Эскерте кетсек, Казакстанда январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыков кармалып, кийин Кыргызстанга жеткирилген.

Социалдык желеде Рузахунов митинге акча үчүн катышканын айткан видео тасма тараган. Ал эми Чолпонбек Сыдыков катуу сабалып, буту сынган абалда табылган.

Пикир

Оставить комментарий