• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сирияда террористтик даярдыктан өткөн кыргызстандык радикалдуу көз караштан баш тартты

Коом 0


Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Сирияда террористтик даярдыктан өткөн кыргызстандык радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барылууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Баткен облусунда туулган 56 жаштагы К.А.Г. аттуу кыргызстандык радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартты.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адам тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.

Учурда УКМК эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий