• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ Түркияда каттоого турбаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берүүнү суранат

Коом 0

Бишкек, 07.02.23./Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөө болгон аймактардагы консулдук каттоодо турбаган мекендештер тууралуу маалымат берүүнү суранат.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, Түркияда жүргөн Кыргызстандын көптөгөн жарандары КРнын Түркиядагы элчилигинде жана консулдук мекемелеринде каттоодо турбагандыктан, Тышкы иштер министрлиги алардын жакындарынан болжол менен Түркиянын жер титирөө катталган аймактарында (Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Газиантеп, Килис, Адана, Малатия, Газиантеп, Мерсин) жүргөн туугандарынын жана достору тууралуу маалымат жана байланыш телефондорун берүүнү суранат.

КР ТИМинин байланыш номерлери:
- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
- Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
- Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;
- КР ТИМинин консулдук департаменти: +996 999 312002.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Түркиянын жергиликтүү маалымат булактары учурда табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 3 миңге, ал эми жабыркагандар 16 миңге жакындаганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий