• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде аткезчилик жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.23./Кабар/. Баткенде аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Чек ара кызматы менен биргеликте жеке адамдардын мыйзамсыз иштерине бөгөт койду.

Алсак, Баткен облусундагы Лейлек районунун Борбордук айылында жайгашкан кампадан «Дэу Лабо» үлгүсүндөгү унаага контрабандалык жүктү жүктөө учурунда (36 мүшөк карбамид минералдык жер семирткич, 130 куту алкоголдук ичимдиктер жана 300 куту кондитердик азыктар) кармалган.

КР мыйзамдарынын чегинде андан ары чечим кабыл алуу үчүн жүктөр компетенттүү органдарга (бажы жана салык кызматтарына) өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий