• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Баткенде минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен шаарында С.К.К. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 412 үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн 77 кап өлчөмүндө карбамид (минералдык жер семирткич) табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3850 кг, орточо базар баасы 184 миң 800 сомду түзгөн. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Баткен шаарында дагы бир мыйзамсыз товар ташып келүү фактысы И.У.А. аттуу кыргыз жараныны башкаруусундагы Mercedes-Benz 810 D үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.

Унаадан 125 кап өлчөмүндө аммиак селитрасы (минералдык жер семирткич) табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 6250 кг, орточо базар баасы 237 миң 500 сомду түзгөн.

Эки факты боюнча топтолгон материалдар КжБЭБКБнын бажылык текшерүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий