• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди - мэрия

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Соңку кырдаалга байланыштуу Коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча шаардык ыкчам штаб Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

  • Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет;
  • Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш;
  • Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок;
  • Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт;
  • Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди;
  • Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт;.
  • Парктардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди;.
  • Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.

“Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айыппул салынат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирус жуктурган 526 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түзөт. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий