• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Тазалык" ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды издейт

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандыларды ташыган оор техникага 20-25 айдоочу резервдик бригадага кабыл алынат. Айлыгы 25-30 миң сомдон башталат.

Эске сала кетсек, ишкана 2023-жылдын март айынан тарта айдоочулардын эмгек акысын алардын жыйынтыгына жараша төлөй баштаган.

"Бардык суроолор боюнча 0312 34 00 21, 0555 774 098 телефон номери, ошондой эле Ала-Арчинская көчөсү, 74а дарегине кайрылууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий