• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте муктаж болгон 500 үй-бүлөгө акча каражаты тапшырылды – Катардын элчиси

Коом 0

Бишкек, 14.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому Катардын “Qatar Charity” кайрымдуулук уюму менен биргеликте муктаж болгондор үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Иш чара Бишкектеги А.Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Муктаж болгон 500 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ар бир үй-бүлөгө 2 миң 335 сомдон тапшырылды. Жардамдын жалпы суммасы 1 млн 177 миң 500 сомду түздү.

Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун директору Рустам Алиевдин айтымына караганда, үй-бүлөлөр атайын текшерүүдөн соң тандалып алынган.

“Муктаж болгондор көп, бирок ресурстар аз. Биринчи кезекте биз өз көзүбүз менен көрүп, чындыгында эле жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү тандап алабыз. Кээде социалдык кызматтардан жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин алып, жерине келгенде алардын жашоосу жакшы экендигине күбө болгон учурлар да кездешкен. Азыр биз өзүбүз байкоо салып, тандап алабыз”,-деди ал.

Анын айтымына караганда, мындай өңүттөгү акция биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок.

“Буга окшогон иш чараны биз жаңы окуу жылынын башталаар алдында өткөргөнбүз. Калктын аярлуу катмарында жашаган жана жетим балдарга мектепке керектүү окуу шаймандарын алып бердик. Жакында кышкы кийим-кечек, көмүр ж.б., сатып берүү үчүн да ушуга окшогон иш чара өткөрөлү деп пландап жатабыз”,-деп кошумчалады Алиев.

“QatarCharity” кайрымдуулук уюму дүйнөдөгү эң ири уюмдардын бири. Жетим балдарга саламаттык сактоо жаатында жардам көрсөтөт. Андан сырткары уюм 1997-жылдан бери БУУнун түзүлүш өкүлдөрүнүн бири болуп келет. Ал жакта ар түрдүү долбоорлор жүзөгө ашырылат.

“Биз, Катардын элчилиги ар дайым катардын кайрымдуулук уюмдарын Кыргызстанга келип, өз долбоорлорун жүзөгө ашыруу керектигин ар дайым айтып келебиз. Бул эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык байланыштардын деңгээлинде жасалат. “QatarCharity” уюму учурда 500 үй-бүлөгө жардам берүү үчүн акча каражатын бөлүп берди. Дүйнө жүзү боюнча алар 100 миңге жакын жетим балдарга жардам бергендигин кошумчалай кетүү керек”,-деди Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамад Бин Арар Аль-Наими.

Элчинин айтымына караганда, кайрымдуулук акцияларын өткөрүүдөн сырткары экономикалык долбоорлорду да ишке ашыруу планы бар.

Акчалай жардам алган үй-бүлөлөр өз кезегинде уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

“Жакшылыгы жана көрсөткөн жардамы үчүн уюмга чексиз рахмат айтабыз. Бизди тандап алгандары үчүн абдан кубанычтамын, бул каражатты эми мен балдарыма коротом”,-деди Алай районунун көп балалуу тургуну Нургүл.

Пикир

Оставить комментарий