• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Кыргызгидромет 1-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 1-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +11...+16, Талас облусунда +10...+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +6...+11 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында +14...+16 абанын температурасы градус болот.

Пикир

Оставить комментарий