• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл консолидацияланган бюджет 600,7 млрд сомду түзүүсү пландалууда — Акылбек Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. 2024-жылга консолидацияланган бюджет 600,7 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан агрофорумда билдирди.

Анын маалыматына караганда, Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылга карата болжолу боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1 трлн 410 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүү темпи 6,0%ды түзөрү күтүлүүдө.

"2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сомдон ашык сумманы түзсө, 2024-жылы 600,7 млрд сомду түзүүсү пландалууда", - деди ал.

Жапаров кошумчалагандай, 2024-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2,8%га өсүүсү күтүлүүдө, анткени өсүмдүк өстүрүү 2,7%га, мал чарбасы 2,2%га өсөт.

Пикир

Оставить комментарий