• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

МСК: 2022-жылдан тартып Салык кызматынын кадрлар резервине 1,3 миң адам кабыл алынган

Экономика 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын башынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки ачык конкурстардын жыйынтыгы боюнча ведомстволук кадрлар резервине 1318 адамды киргизген, алардын ичинен 938 адам бош кызмат орундарына дайындалган.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 2022-жылы кадрлар резервине 711 адам кабыл алынып, алардын ичинен 559 адам кызмат ордуна дайындалган. 2023-жылы 345 адам кабыл алынып, 255 адам дайындалган. Ошондой эле 2024-жылы 262 адам кабыл алынып, алардын 124ү кызмат орундарына ээ болгон.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан тартып Салык кызматы, президенттин жарлыгына ылайык кадрдык потенциалды бекемдөө, натыйжалуу иштөө жана жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу максатында МСКнын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынактарды өткөрүп келет.

Салык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн талап кылынган документтерди тапшырып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен компьютердик тестирлөөдөн өтүү керек.

Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүдөн өтүшөт жана анын жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү өткөндөр Салык кызматынын кадрлар резервине киргизилет.

Жогорку квалификациялуу, жаш жана таланттуу адистерди тартуу салык кызматына акыркы тенденциялардан кабардар болуп, алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий