• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте КР ТИМ башчысы менен Өзбекстандын президентинин жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Мирзиёев Кулубаевди Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алган.

Сүйлөшүүнүн башында министр Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана ынак коңшулук мамилелерин мындан ары бекемдөө маселелери талкууланып, практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечеги тууралуу кеп болду.

Пикир

Оставить комментарий