• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Саясат 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында (Кыргызстан) болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында болору пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий