• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти

Саясат 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жумушчу сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу "Регион" телеканалы билдирет.

"Күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кайрадан аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеп, бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылган.

Чек ара маселеси чечилмейинче эч кандай чек ара тилкеси ачылбай турганын жана контрабандага жол берилбестигин эскерткен. Камчыбек Ташиевдин Тажикстанга жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий