• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев жаңы дайындалган казакстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кечээ, 3-апрелде КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын жаңыдан дайындалган премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Мурат Нуртлеуну Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулап, пикир алмашып, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу форматтарында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий