• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы маданият, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. 17-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) КРнын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө А. Мадмаров КР тшкы иштер министри Руслан Казакбаевдин атынан А. Солтонгелдиевага 2021-жылдын ноябрь айында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө ЮНЕСКОнун «Тоо мөңгүлөрүнө мониторингди жана изилдөөнү күчөтүү» резолюциясын кабыл алууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрдин орун басары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 2021-жылдын сентябрындагы 76-сессиясынын жалпы дебаттарында КР президенти Садыр Жапаров тарабынан айтылган экология жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштердин жана кыргыз тараптын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун жана ЮНЕСКОнун резолюцияларынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле аталган демилгелерди толук ишке ашыруу үчүн мындан аркы кызматташууну жана Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы маданият, билим берүү жана социалдык өнүгүү жаатындагы кызматташтыктын башка багыттары боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий