• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы административдик имараттардын тосмолорун алууну улантууда

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте администартивдик имараттардын тосмолорун алуу иштерин улантып жатат.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолору алынды. Андан тышкары, билдирүү баракчасы берилгенден соң Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжинин тосмолору алынды.

Иш-чара шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Бишкек мэриясы мамлекеттик орган жана мекемелердин администрацияларынан өз ыктыяры менен тосмолорду алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий