• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Активисттер Назарбаевди жөнөкөй ишкерлер жапа чегип жаткан КРге кысым жасоону токтотууга чакырышууда

Коом 0

Бишкек, 30 октября /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргыз активисттери Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди чек арада тосмо орнотуу менен Кыргызстанга кысым жасоону токтотууга чакырышыууда. Андан бир гана карапайым ишкерлер жапа чегүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйындын жүрүшүндө “Апрель байрагы” КУнун төрагасынын орун басары Тариел Искаков билдирди.
Анын айтымына караганда, кыргыз ишкерлери өз азык-түлүктөрүн сатып бир жыл бою үй бүлөлөрүн багуу максатында өстүрүшкөн. Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалдан бир гана карапайым ишкерлержапа чегүүдө.
“Чек аража жалаң гана Кыргызстандын жарандары зыян тарткан жок. Оор жүк ташуучу унаалардын көпчүлүгү Казакстан, Россия жана башка өлкөнүн жарандарына таандык деп айтууга болот. Учурда чек арада болуп жаткан кырдаалдан бардые ЕАЭБнин ишкерлери жапа чегүүдө, алар учурунда ЕАЭБге алардын ишмердиги үчүн бардык шартты түзүп берет деп ишенишкен”,-деди Искаков.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак чек арасында жарандарды, унааларды өткөрүү эрежеси татаалдашкан.

Пикир

Оставить комментарий