• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: “Принцесса дури” баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнүн баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-мартта социалдык түйүндөрдө бир катар жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жаралган.

“Өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизат үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Андан кийин бул көрүнүштү камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3-апрель күнү 22 жаштагы А.у.Г., 23 жаштагы К.Т. жана 19 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий