• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Россиянын жаңы элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Россиянын жаңы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Удовиченко Ниязалиевге ишеним грамоталардын көчүрмөлөрүн тапшырган.

Ал эми Нуран Ниязалиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишине киришип жатканы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

"Жолугушууда эки тарап кыргыз-орус кызматташуусундагы актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыдагы иш-чараларды жакшы деңгээлде өткөрүү керектиги айтылды", -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий