• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

22-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 22-декабрда жаан-чачын жана кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10, Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 жана Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн абанын температурасы -4…+1, күндүз 7…12 градуска чейин жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий