• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Эко таксилердин" биринчи партиясы сунушталды

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкекте "Эко таксилердин" биринчи партиясы сунушталды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, муниципалдык "Эко такси” долбоору Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, муниципалдык "Эко такси" айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет:

-"Муниципалдык экотранспорт" үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр транспортун башкарууга лицензия алуу.
-Айдоочулардын электромобилдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгү бар.
-Мамлекеттик салык кызматына отчетту автоматтык түрдө берүү менен акча табуунун туруктуу мыйзамдуу жолу.
-Атайын белгиленген муниципалдык электр кубаттоочу станцияларда атайын тариф менен кубаттоо мүмкүнчүлүгү.
- Бардык социалдык пакет.

Ошентип, долбоор бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Муниципалдык "Эко такси" долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн шилтемесине өтсөңүз болот.

Пикир

Оставить комментарий