• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдоочулардын эсине: Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын 8-январынан 10-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу абр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий