• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата илимий коференция өттү

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 29-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында Чокон Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунда биринчи кыргыз алиппесинин автору, окумуштуу-агартуучу Ишеналы Арабаевдин (1882-1933) 140 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияга кыргыз-казак окумуштуулары, илимпоздору катышты.

"И.Арабаев атындагы окуу жайдын атынан “Арабаев таануу” илим изилдөө институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев, педагогика илимдеринин кандидаты Миргүл Эсенгулова жана тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асековалар катышып, Арабаевдин басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү тууралуу баяндамаларды жасашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий