• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Автоураган" Ош шаарында. 105 унаа айып короо жайына киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Ош шаарында иштеп жаткан Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын “Автоураган” аппараттык программалык комплекси 2 күндө жарандардын арыздарынын негизинде издөөдө жүргөн жана айып пулдарды өз убагында төлөбөгөн 105 автоунааны аныктап, убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишти. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын ичинен :

- мыйзамдуу катталган автоунаа ээсинин дарегинен убактылуу токтотулгандыгы үчүн 36 автоунаа
- айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 52 автоунаа
- соттун чечими менен издөөдө жүргөндүгү үчүн 15 автоунаа
- алдамчылык жолу менен издөөдө жүргөндүгү үчүн 2 автоунаа.

"“Автоураган” аппараттык программалык комплекси андан ары шаардан сырткары Ош облусунун аймагында да жол кырсыктарынын алдын алуу издөөдө жана айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, жасалма мамлекеттик номур менен айдап жүргөн автоунааларды аныктоо боюнча иш алып барат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий