• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кайдыгер эмес адамдар чогулткан гумжардамдын көлөмү 870 тоннага жетти

Аймак 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда саат 16:00гө карата Баткен облусуна жалпы 870 тонна гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 549 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 189,9 тонна гуманитардык жүк турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 54 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
- Ош облусунда – 44;
- Жалал-Абад облусунда – 12;
- Нарын облусунда – 6;
- Ысык-Көл облусунда – 69;
- Талас облусунда – 43;
- Чүй облусунда – 12;
- Ош шаарында – 1;
- Бишкек шаарында – 1.

Пикир

Оставить комментарий