• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги №31 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкекте №31 “Бермет” бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бөкөнбаев көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан аталган бала бакча 1952-жылы негизделген, мекеме башкы корпустан, өзүнчө көмөкчү имараттардан, чарбалык блоктордон жана ашканадан турат, бала бакчанын жалпы аянты 3120 чарчы метр, негизги имаратын аянты 993 чарчы метр, 115 орунга ылайыкталган.

"2019-жылы бала бакча жабылып, 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы урап түшкөн, бардык экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин капиталдык оңдоо иштери 2022-жылдын аягында башталган", - деп белгилешти мэриядан.

Жалпысынан оңдоо иштеринин алкагында негизги корпус бекемделди, чатыры жабылды, ички жасалгалары жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактары алмаштырылды, бала бакчанын аймагы көрктөндүрүлдү.

Ошондой эле бала бакча мэриянын Билим берүү департаменти тарабынан материалдык-техникалык база менен 100% камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий