• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы башчысы Алексей Рогов менен жолукту.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ниязбеков министрлик менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтык деңгээлин жогору баалады. Ал ЕККУнун Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кошуп жаткан зор салымын белгилеп кетти.

Ниязбеков мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним арта тургандыгын билдирди. ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жардамы менен милициянын көчмө кабылдамасы учурда аймактардагы көчөлөрдү кыдырып коомдук тартипти сактоодо. Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдамалары радиобайланыш, видеокөзөмөл камералары жана кызматкерлер үчүн жумушчу столдор менен жабдылган. Мындай милициянын көчмө кабылдамасы көчөлөрдө жана коомдук жайларда, алыскы райондордо коомдук коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу, ички иштер бөлүмүнүн административдик имаратынан алыс жайгашкан жарандарды кабыл алуу максатында иштелип чыккан.

Алексей Рогов өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине ар тараптуу маселелер боюнча колдоо көрсөтүүнү улантат деп ишендирди.

Жолугушуунун катышуучулары ведомстволор аралык жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында эки тараптуу кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий