• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде оптималдаштыруунун алкагында 200 кызматкер кыскарат

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде оптималдаштыруунун алкагында 200 кызматкер кыскарат.

Аталган министрликтин түзүлүшү борбордук жана райондук деңгээлде кайра каралып чыгат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Таалайгүл Исакунова социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору, министрликтин аймактык бөлүктөрүнүн стандарттык абалы талкууланган тегерек үстөлдө билдирди.

Министрдин айтымында, эми социалдык өнүктүрүүнүн райондук, шаардык башкармалыктарынын жетекчилери ээлеген кызматында 5 жыл өткөргөн соң ротацияланат.

“Министрликтин системасында 20 жылдан ашык убакыт иштеген жетекчилер бар. Учурда башчыларды ротациялоо каралууда. Алардын көпчүлүгүнө республиканын башка региондорунда иштөө сунушталат, кээ бир жетекчилер менен коштошууга туура келет”, - деди Т.Исакунова.

Ал белгилегендей, министрликтин штаттык санын оптималдаштыруунун алкагында 200 кызматкер кыскартылат.

Пикир

Оставить комментарий