• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция адашып кеткен кыз менен баланы таап, энесине кайтарып берди

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып кеткен кыз менен баланы таап, энесине кайтарып берди, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-майда болжол менен саат 14:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Чүй 117 дарегинде кичинекей кыз жана бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1990-жылы туулган Б.А. аттуу келин кайрылып, 5 жаштагы баласын жана 4 жаштагы кызын ойнотуп жүрүп жоготуп алгандыгы айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен балдарды таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен. Балдардын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий