• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Бишкекке келди

Саясат 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегия ТИМнин атайын өкүлү, элчи Кнут Воллебекти кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи К. Воллебек Бишкек шаарына өзүнүн Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында келген.

"Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тараптардын көп тараптуу аянтчалардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери - сапардын максаты болду", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чыңгыз Айдарбеков Норвегия менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, саясий жана экономикалык мүнөздөгү күн тартибинин негизги маселелерине көңүл бурган.

"Кыргыз Республикасынын Норвегия менен эл аралык уюмдардын алкагында, анын ичинде өз ара колдоо көрсөтүү боюнча кызматташтыкты улантууга даярдыгы тастыкталды. Тараптар регионалдык жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады", - деп кошумчалашты ТИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий