• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга расмий иш сапары менен Монголия парламентинин төрагасы келет

Саясат 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргызстанга расмий иш сапары менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар келет.

Парламенттен билдиришкендей, күн мурун Гомбожавын Занданшатардын 26-28-февраль күндөрү Кыргызстанда боло турган расмий иш сапарын уюштурууга арналган мекемелер аралык жыйын өттү.

Жыйынга төрагалык кылган Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев расмий иш сапардын алкагында өтүүчү иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу зарылчылыгына токтолуп: “Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатардын расмий иш сапары мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда жана парламенттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ”, – деди Алайбек Алымбаев.

Ага ылайык жыйында иш сапардын программасы талкууланып, ар бир мекемеге бекитилген иштер боюнча маалымат алынды.

Пикир

Оставить комментарий