• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Путинге ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Россиядагы жаңы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын алдында сүйлөп жатып, В.Путин: “Кыргызстан менен мамилелер стратегиялык өнөктөш жана союздаш мүнөзгө ээ. Биздин өлкөлөр евразиялык интеграция процесстерине катышууда, анын ичинде Евразиялык экономикалык союздун алкагында тыгыз өз ара байланышта, ЖККУ багыты боюнча эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин иштешүүдө. Март айында өткөн Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапар соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташуунун жаңы баскычтарын жаратты”, - деп белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий